Чүй жалпы орто билим берүүчү мектебинин алдынкы мугалимдери сыйланды
Мугалимдер күнүнө карата аталган мектептин айрым мугалимдери райондук жана облустук сыйлыктар менен сыйланды. Мектеп директору Джаамабаева К.Т. үзүрлүү эмгеги үчүн райондук мамалекеттик админитрациясынын ардак грамотасы, кыргыз тил мугалими Чылманбетова Д.Б. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн ардак грамотасы, башталгыч класстарынын мугалими Гарбузарь О.А. жана математика мугалими Сартов Б.К. Чүй облустук усулдук бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты.
Комментарии